Жумгалда классташын өлтүрүүгө шектелип 74 жаштагы аял кармалды

11.05.2026 | 17:48

Нарындын Жумгал районунун Чаек айылында классташын бычактап өлтүрүүгө шектелип 74 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБи кабарлады.

Окуя 9-май күнү болгон. Саат 18:30 чамасында милиция бөлүмүнө аталган айылдагы үйлөрдүн биринде эркек киши бычактан жаракат алып каза болгондугу тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 73 жаштагы Т.Ж. аттуу жарандын сөөгүн тапкан. Текшерүү учурунда маркумдун көкүрөк тушуна учтуу нерсе сайылганы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Д.Т. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Такталган маалымат боюнча, шектүү менен маркум классташ болушкан.

Бул факт кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, криминалистикалык жана биологиялык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top