Бишкекте «Боотур театры» эл аралык долбоорунун бет ачары өтөт
Бишкекте масштабдуу эл аралык турненин алкагында «Боотур театры» кинодолбоорунун бет ачары өтөт. Иш-чара Якут мамлекеттик опера жана балет театрынын 90 жылдыгына жана Элдердин биримдиги жылына арналган. Көрүүчүлөргө түндүк сахнасынын көшөгө артындагы жашоосун баяндаган даректүү тасма жана якут элинин алгачкы «Ньургун Боотур» опера-олонхосунун кино версиясы тартууланат.
Режиссёр Мила Кудряшованын тасмасы маанилүү спектаклдердин, анын ичинде «Алтын маска» сыйлыгынын лауреаты болгон «Жаркыраган таш» («Сияющий камень») этно-балетинин жаралуу процессине сүңгүп кирүүгө мүмкүндүк берет. Тасма планетанын эң суук аймагындагы экстремалдык шарттарда эмгектенген 300дөн ашык артисттин жашоосун ачып берет. Долбоор классикалык музыка менен Саха элинин баатырдык эпосунун уникалдуу айкалышын (синтезин) чагылдырат.
Кыргызстандын борбор калаасындагы көрсөтүүлөр Россия менен Казакстандын шаарларын камтыган жана 30-июнга чейин улана турган турненин бир бөлүгү болуп калат. Уюштуруучулар бул долбоор маданий байланыштарды чыңдоого жана улуттук искусствону эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталганын баса белгилешет. Бишкектеги көрсөтүүлөрдүн так даталары жана өтүүчү жайлары уюштуруучулар тарабынан кошумча жарыяланат.