Чанпэн Чжао: Кыргызстан крипто-хаб статусуна ишенимдүү баратат

05.09.2026 | 10:47
Чанпэн Чжао: Кыргызстан уверенно движется к статусу крипто-хаба — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Президентинин санариптик активдер жана блокчейн-технологиялар маселелери боюнча коомдук кеңешчиси Чанпэн Чжао Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, өткөн мезгилдин ичинде ал олуттуу прогрессти байкаган — Кыргызстан жалпы көрүнүштөн конкреттүү жана иштеп жаткан экосистеманы түзүүгө өтүүдө. Чжао өлкөнүн негизги артыкчылыктарынын бири катары күчтүү саясий эркти жана өкмөттүн жаңы технологиялык сектор менен конструктивдүү иштөөгө ачыктыгын атады. Улуттук кеңештин, андан кийин Улуттук агенттиктин түзүлүшү, анын пикири боюнча, тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн институционалдык негиз салды.

Кеңешчи Кыргызстан барган сайын так ченемдик-укуктук базаны калыптандырып жатканын белгиледи — майнинг, стейблкоиндер жана реалдуу активдерди токендештирүү чөйрөсүндө эрежелердин иштелип чыгышы өлкөнүн рынокту жөн гана көзөмөлдөп тим болбостон, анын өнүгүшү үчүн түшүнүктүү жана алдын ала болжолдоого боло турган шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт.

Чжао жөнгө салуу тобокелдиктерди гана азайтпастан, мүмкүнчүлүктөрдү да жаратышы керектигин баса белгиледи: эгерде эрежелер түшүнүксүз же өтө катаал болсо, инновациялык компаниялар башка юрисдикцияларга кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан, анын айтымында, колдонуучуларды коргоп, ошол эле учурда бизнестин өсүшүнө шарт түзгөн так, ачык-айкын жана технологиялык жактан бейтарап жөнгө салуунун болушу маанилүү.

Кеңешчи кадр маселесине өзгөчө көңүл бурду — анын айтымында, виртуалдык активдер индустриясына технологиялар менен инвестициялар гана эмес, адамдар да керек: иштеп чыгуучулар, юристтер, комплаенс, киберкоопсуздук жана финансылык аналитика боюнча адистер. Ал Кыргызстандагы билим берүү демилгелерин жана финансылык, технологиялык сабаттуулукту жогорулатуу программаларын мындан ары да колдоого даяр экенин билдирип, таланттарды өнүктүрүү маселеси кеңештин өткөн жолку жыйынында эле президент тарабынан негизги артыкчылык катары аныкталганын эске салды.

Scroll to Top