Кыргызстанда крипторыноктун катышуучуларын текшерүү үчүн бирдиктүү платформа даярдалуудаАйпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыБишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жататБишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөтБишкектин бир катар райондорунда 29–30-октябрда газ берүү токтотулатБишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары жол иштерине нааразы болушту — бийликтин жообу
Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий иш сапары менен барат
05.03.2025 | 09:00
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапар 6-7-март күндөрү болот. Анын алкагында Касымалиев өлкө жетекчилиги менен жолугуп, саясий, соода-экономика жана инвестиция тармагында кызматташуу маселелерин сүйлөшөт.
Эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлары пландалууда.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев өлкөнүн бир катар тарыхый-маданий мурас объекттеринин иши менен таанышат.
Андан тышкары Касымалиев бизнес-диалогго катышат жана Вьетнамдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом