Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Мамлекеттик лотерея компаниясынын директору кармалды
05.03.2025 | 09:30
Кыргызлото мамлекеттик лотерея компаниясынын директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы, боюнча Кыргызлотонун директору К.В. мыйзамсыз баюу максатында коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө. Ал инвестор болгусу келген адамдардан 10 миң доллар опузалаган. Ошондой эле кошумча тоскоолдуктарды жаратып, ар бир сатылган билеттен акчалай “сыйлык” талап кылган.
Ал 3-мартта 10 миң доллардын бир бөлүгүн алып жатканда кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар