«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек – Үрүмчү – Бишкек багыты боюнча жаңы эл аралык каттамды ишке киргизет. Алгачкы каттам 2026-жылдын 3-августуна белгиленген.
Компаниянын маалыматына ылайык, жаңы каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, бизнес, соода, туризм жана маданий алакаларды кеңейтүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Үрүмчү Батыш Кытайдагы ири экономикалык, логистикалык жана соода борборлорунун бири болгондуктан, жаңы каттам ишкерлерге, туристтерге, студенттерге жана эки өлкөнүн ортосунда каттаган бардык жарандарга ыңгайлуу болот.
Авиакомпания жаңы багыттын негизги артыкчылыктары катары Бишкек менен Үрүмчүнүн ортосундагы түз аба каттамын, иш сапарлар жана соода-сатык үчүн ыңгайлуулукту, туризм менен маданий алмашууну өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле заманбап Airbus A320 учактарындагы ыңгайлуу учууларды белгиледи.
Жаңы каттамдын ачылышына карата «Аэро Номад Эйрлайнс» жүргүнчүлөр үчүн 2026-жылдын август–сентябрь айларындагы каттамдарга атайын шарттарды сунуштайт. Ага салондо орунду акысыз тандоо (авариялык чыгуудагы орундардан тышкары), тейлөөнүн бардык класстары үчүн 40 килограммга чейин акысыз жүк ташуу жана 7 килограммга чейин кол жүгүн алып өтүү мүмкүнчүлүгү кирет.
Билеттерди жана кошумча кызматтарды авиакомпаниянын расмий сайтынан, ошондой эле Кыргызстандын бардык авиакассаларынан жана агенттиктеринен сатып алууга болот.