Швециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти

02.08.2026 | 12:00
Швециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти — Новости Кыргызстана

Кыргызстан Гран-присинин алкагында өткөн суудагы «Формула-1» (UIM F1H2O) жарышынын алгачкы атаандаштыктагы сүзүүлөрү 1-августта Ысык-Көлдө салтанаттуу маанайда башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөрдүн алдында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, UIM уюмунун президенти Раффаэле Кьюлли, H2O уюмунун негиздөөчүсү Николо ди Сан Джермано, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчылары старттык белгини бергенден кийин квалификациялык жарыштар башталды.

Q1 баскычында 18 пилоттун ичинен биринчи болуп Грант Траск 54,072 секундалык жыйынтык менен алдыга чыкты. Үчүнчү айлампада аны Team Sharjah командасынын өкүлү Стефан Аранд 52,187 секундалык көрсөткүч менен артта калтырды. Андан соң команданын дагы бир өкүлү Расти Уайатт лидерликти бекемдеди. Бирок дүйнөнүн учурдагы чемпиону Шон Торренте 52,011 секундалык убакыт көрсөтүп, Team Sharjah командасынын үстөмдүгүн токтотту. Q2 баскычына өтүү үчүн болгон күрөштө Team Abu Dhabi командасынан Эрик Старк акыркы мүнөттөрдө 12-орундан биринчи орунга көтөрүлүп, 51,904 секундалык жыйынтык көрсөттү. Ал эми Бен Желф 0,081 секундалык айырма менен кийинки этапка өтө албай, 13-орунда калды.

Швед Йонас Андерссон выиграл квалификацию гонок Формулы-1 на воде на Иссык-Куле — Новости Кыргызстана

Q2де үч жолку дүйнө чемпиону Йонас Андерссон дароо эле 50,294 секундалык көрсөткүч менен лидерликке чыгып, анын убактысына эч ким жете алган жок. Негизги атаандаштык финалдык Q3 баскычына чыгуу үчүн жүрдү. Акыркы мүнөттөрдө Алек Векстрём алтынчы орунга көтөрүлүп, Стефан Хагинди сүрүп чыгарды. Хагин акыркы айлампада саатына 160 чакырымдан ашык ылдамдык көрсөтсө да, Q3кө чыга алган жок. Альберто Компаратого болсо болгону 0,127 секунд жетишпей калды. Ал эми Расти Уайатт Q2ге стартка чыкпай, квалификацияны 12-орунда жыйынтыктады.

Чечүүчү Q3 баскычы Бириккен Араб Эмираттарынын алдыңкы командаларынын ортосундагы таймашка айланды. Victory Team командасынан Грант Траск менен Стефан Аранд швециялык Team Abu Dhabi командасынын өкүлдөрү Эрик Старк жана Йонас Андерссон менен күч сынашты. Биринчи айлампада эң жакшы убакытты Шон Торренте көрсөтүп, 49,890 секунд менен алдыга чыкты. Экинчи орунда анын командалашы Алек Векстрём болду. Бирок бешинчи айлампада Йонас Андерссон Торрентенин көрсөткүчүн 0,472 секундга жакшыртып, андан кийин дагы убактысын өркүндөтүп, 48,778 секундалык жыйынтыкка жетишти. Калган атаандаштары бул көрсөткүчкө жакындай алган жок. Натыйжада Андерссон Q3 баскычында жеңишке жетип, Торрентеден 0,738 секунд алдыда болуп, поул-позицияны камсыздады. Андан кийинки орундарды Алек Векстрём, Эрик Старк, Грант Траск жана Стефан Аранд ээледи.

Теги: спорт
Scroll to Top