«Агайды» тарткан Руслан Акун министр менен жолугушту

«Агайды» тарткан Руслан Акун министр менен жолугушту

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кинорежиссер Руслан Акун менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министр интернет айдыңында негативдүү, адамдын аң-сезимине терс таасир берген маалыматтар кеңири жайылып жаткан убакта терең мааниге ээ, маңыздуу тасмаларды жаратып жаткан режиссердун эмгектерин жогору бааларын айткан.

Иманалиев «Агай» сериалын кызыгуу менен көрүп жатканын, мугалимдин басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн жана коомчулуктагы ордун чагылдырган мыкты тасма тартылганын белгилеп, жаратуучуларга ыраазычылык билдирген.

«Агай»сериалы ушунчалык жогорку чеберчилик менен тартылыптыр. Жумуштан үйгө барып, түн уйкумду курмандыкка чалып болсо да көрүп жатам. Анткени сиз тартып жаткан тасмалар бугүнкү күндө актуалдуу. Сиздин артыңыз менен көптөгөн жаштар мугалим кесибине ээ болгусу келип, агартуучуларга болгон сый-урматы артып жатканына ишенем», — деди Иманалиев.

Министр Руслан Акунга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, билим берүү тармагын беделин жогорулатууда режиссер менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

«Агай» — Кыргызстандын Эмгек сиңирген мугалими, Баткендеги №3 эксперименталдык гимназиясынын директору Гапыр Мадаминов тууралуу тартылган сериал. Сериал чыныгы турмушка негизделип, көркөмдөлүп тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>