Аида Исмаилова ШКУнун жыйынына катышты

Аида Исмаилова ШКУнун жыйынына катышты

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова ШКУнун Салттуу медицина боюнча форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын «COVID-19 эпидемиясына каршы биргелешкен күрөштө салттуу медицинанын уникалдуу ролу» деп аталып, конференция, онлайн форматында өткөн.

Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылар кеңешинин XIX кеңешмесинин жүрүшүндө жетишилген саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу консенсусту ишке ашыруунун алкагында өткөн.

Ошондой эле калктын ден-соолугун коргоону жакшыртуу, өзгөчө COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө саламаттык сактоо деңгээлин жогорулатууда ШКУ өлкөлөрүнүн салттуу медицинасынын жетишкендиктерин аныктоо максатын да көздөгөн.

[su_image_carousel source=»media: 36700,36701,36699″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>