Аида Салянова камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы эртең каралат

Аида Салянова камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы эртең каралат

 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча камакка алынды. Бул тууралуу Slon.kg агенттигине экс-депутат Асия Сасыкбаева кабарлады.

Маалым болгондой, тергөөчүлөр мурдагы баш прокурорду күндүзгү саат үчтө суракка алып келишкен.

“Аида Салянова суракка кирген бойдон чыкан жок. Аны кармоо боюнча протокол түзүлүп, сурактан кийин камакка алынды. Эртең анын баш коргоо чарасы каралат”, — деди Сасыкбаева.

Белгилей кетсек, Аида Салянова Азиз Батукаев бошотулган учурда Башкы прокурор болуп иштеп турган.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана 5 дарыгер кармалып, алардын экөө камакка алынган.

Алардын ичинен Динара Сагынбаева жана 3 дарыгер үй камагына чыгарылган. Ал эми Нарын облусунун прокурору Майрамбек Акматалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>