Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Айбек Калиев абактан бошонду
17.09.2021 | 10:50
Буга президент Садыр Жапаровдун Айбек Калиевге ырайым кылганы себеп болгон. Бул туурасында “Тазабекке” Калиевдин жактоочусу Эрнис Сааданбеков билдирген.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы — Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган Айбек Калиевге ырайым кылган. Жактоочусу ал бул тууралуу Калиевдин туугандарынан укканын, Калиев учурда абактан бошотулганын белгилеген.
Калиев Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында камакта болчу. Ал Жогорку сот тарабынан Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 14 жылга эркинен ажыратылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат