Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Айбек Жунушалиев жаңы кызматка дайындалды
24.02.2022 | 16:29
Айбек Джунушалиев Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жунушалиев Айбек Жанышбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат