Айдоочу өлтүрө сүзүп кеткен Айза тууралуу эмне белгилүү?

Айдоочу өлтүрө сүзүп кеткен Айза тууралуу эмне белгилүү?

Бишкекте 9-январда айдоочу унаасы менен өлтүрө сүзүп кеткен ИИМ Академиясынын 24 жаштагы курсанты Айза чет өлкөгө кетпей, милиция кызматкери болуу үчүн Кыргызстанда калып калган. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал билдиргендей, маркум анын аяш кызы болот. Курсант кызды сүзүп кеткен айдоочу мурда МАИ кызматкери болуп иштеген. 9-январда болгон кырсыктан кийин окуя жеринен качып кеткен айдоочуну милиция кызматкерлери кармаган. Бирок сот аны үй камагына чыгарып салган.

Молдокасымовдун айтымында, Айза чет тилди билип, Америкада окууга мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай, милиция кызматкери болуп иштөө үчүн Кыргызстанда калып калган.

«Айза кызыбыз өзгөчө жароокер эле. Билимдүү, мекенчил, көптү үмүттөндүргөн мыкты кыз эле. Мектепти алтын медаль менен бүтүргөн. Айыл мектебинде окуп жатып конкурс аркылуу бир жыл Америкадагы мектепте окуп келген. Ала-Тоо эл аралык университетинин Юридикалык факультетинде англис тилинде окуп, аны артыкчылык диплому менен аяктаган. Италияда окуган. Америкадагы атактуу университеттердин бирине магистратурага акысыз, стипендия менен өтүп, бирок милиция кесибинде иштейм деп Мекенинен кеткиси келбей, АКШга баруудан баш тарткан. Мекенчил кызыбыз Айза тууралуу жаза берсек учугу улана берет», — деп эскерет Молдокасымов.

Ошондой эле ал соттун аракетине баа берилиши керек деп эсептейт.

«Баш прокурор Курманкул Зулушев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул акыйкатсыздыкты кылдат иликтетип, калыстыктан тайган судьяга чара көрөр деген ишеничте ушул кайгылуу окуяны кайрылуу катары жазууга аргасыз болуп отурам!», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 9-январда саат 07:10 чамасында белгисиз айдоочу Жибек-Жолу көчөсү менен бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 24 жаштагы У.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

13-январда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип «Тойота» унаасынын 48 жаштагы У.Н. аттуу айдоочусу кармалганы кабарланган.

Андан кийин шектүүнүн баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылган. Анын үй камагына чыгарылышы коомчулук тарабынан сынга алынууда. Ага байланыштуу райондук сот кабыл алынган чечим боюнча түшүндүрмө берип, шектүү оор өнөкөт оору менен ооругандыктан, мыйзам боюнча аны камакка алууга болбой турганын билдирди.

Свердлов райондук соттун түшүндмөсүнө ылайык, жактоочу тараптан шектүүнүн 5 стадиядагы бөйрөк оорусу, терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги, 2016-жылдан бери гемодиализ алып келе жатканы тууралуу медициналык документтер көрсөтүлгөн. Аталган оорулар өкмөт тарабынан бекитилген, шектүүнү камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине кирет. Ага байланыштуу ал үй камагына чыгарылган.

Курсант кызды өлтүрө сүзгөн айдоочу үй камагына чыкты. Сот эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>