ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу табылды

ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу табылды

ИИМ Академиясынын курсантын (кыз киши) өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалымат караганда, 9-январда саат 07:10 чамасында белгисиз айдоочу Жибек-Жолу көчөсү менен бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 24 жаштагы У.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Аталган башкармалыктын жана Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлеринин издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары «Тойота»  унаасынын 48 жаштагы  У.Н. аттуу айдоочусу кармалган. Айдоочу милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

ЖКККББ жол кырсыгына себепкер болуп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуларга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, андай учурда «102» кызматына кабар берүүнү суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>