Мамкызматкерлерге эмнеге премия берилбей калды? Расмий жооп

Мамкызматкерлерге эмнеге премия берилбей калды? Расмий жооп

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматкерлер эмне себептен премия албай калгандыгын түшүндүрдү.

Анын айтымында, Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда.

“Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот.

Эгер өлкө өзүнүн коопсуздугун сактай албаса мамлекеттик кызматкерлерге каралган “кварталдык премия”, кошумча каражаттар эч нерсеге арзыбай калары анык. Андыктан айрым кесиптештердин “премия кыркылды” деп таарынганы орунсуз”, — деп жазды Орунбеков.

Ал белгилегендей, ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылды. Жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилет. Андыктан анын суммасы эмгек акылары жогорулаганын эске алганда жакшы чыгаары күтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>