Белгилей кетсек, ноябрь айынан тарта Октябрь районун «Тазалык» муниципалдык  ишканасын тейлей баштаган.

Муниципалдык инспекциянын  инспекторлору тарабынан «Маэстро KG», «Кыргызмедтехника», «Неман фарм» ишканалары тарабынан тазалык эрежелери сакталбаган фактылар аныкталды.

Ал эми Исанов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана Исакеев көчөсүнүн боюндагы бир нече объектиге бир эле учурда “Жаз Строй” ишканасы жооп берет. Жогорудагы адамдардын бардыгына 114-берене боюнча ар бирине 13 миң сомдон протоколдор түзүлдү.

Ошондой эле инспекторлор тарабынан чарба  субъекттерге таштанды чыгаруу боюнча келишим түзүү боюнча 24 эскертүү берилген.

Муниципалдык инспекция менчигинин түрүнө карабастан күн сайын аймакта тазалыкты камсыз кылуу зарылдыгын белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз