АКШ Ирандагы объекттерге сокку урду — Тегеран жооп кайтардыАдылбек Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу аземине катыштыКРСУ жана КФС студенттик футболду өнүктүрүшөтКырсыктан кийин Фергана каналында айдоочуну 100дөн ашык адам издеп жататИшкерлерди текшерүүлөрдү прокуратурада каттоону сунушташууда2:1 — Аргентина ДЧ-2026 жарым финалында Англияны жеңип алды
Айланма жолдо оор жүк ташууучу унаа менен сүзүшкөн айдоочу каза болду
30.01.2024 | 10:19
Иллюстрациялык сүрөт
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Алга айылында 29-январда саат 19:25те жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Чүй облустук жол кайгуул кызматынан ырасташты.
“Тойта-Приус” автомабилинин айдоочусу рулга ээ боло албай, батыштан чыгышка карай келе жаткан оор жүк ташуучу “Ситрак” унаасы менен сүзүшкөн. Экинчи транспортту Кытай жараны айдап келе жаткан.
Жеңил машинанын 29 жаштагы айдоочусу кырсык болгон жерде көз жумуп, эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат менен Кант шаарынын ооруканасына жеткирилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар