Мамкурулуш: 9 баллдан жогору жер титирөө болсо бизде баары кулайт

Мамкурулуш: 9 баллдан жогору жер титирөө болсо бизде баары кулайт

Кыргызстандагы курулуштар  9 баллдык жер титирөө гана туруштук бере алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Ал Түркиядагы жер титирөөдөн кийин түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча депутаттарга отчет берди. Анын айтымында, ордо каалада курулуп жаткан 500дөн ашык имараттын алтоосу гана текшерүүдөн өттү.

Талантбек Иманакун уулунун айтымында, Бишкектеги 90-жылдары салынган панель үйлөр гана сейсмологиялык коопсуздуктан өткөн.

“Акыркы жолу 90-жылдары Бишкекте бир катар 105-үлгүдөгү панель үйлөр курулуп, ошолор зилзалага туруктуулугу боюнча текшерүүдөн өткөн. Андан кийин союз тарап, кайра 2008-жылы курулуш күчөп баштады. Алар жаңы конструкция менен иштеп жатышат”, — дейт аткаминер.

Анын айтымында, курулуштун бекемдиги “Лира” программасы менен аныкталып, тийиштүү кызматтардын кароосунан өтүп, уруксат берилип жатат.

“Эгерде бизде 9 баллдан жогору жер титирөө болсо, андан баары кулайт. Бирок 7-8 баллга туруктуу деп аныкталган үйлөр 4-5 баллда дагы кулап калса, анда ал имаратты кабыл алып, эксплуатацияга уруксат берген адам башы менен жооп берет”, — деди Талантбек Иманакун уулу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: курулуш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>