«70 миң сом маяна алган». Баткенде 10дой жол милиция кызматкери пара менен кармалды (видео)

«70 миң сом маяна алган». Баткенде 10дой жол милиция кызматкери пара менен кармалды (видео)

Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткендеги жол милициянын бир нече кызматкери жол эрежесин бузган айдоочуларга айыппул жазуунун ордуна, пара алып жүргөнү аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүнө (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Атайын тергөө иштеринин жүүрүшүндө 9 кызматкердин пара алып жүргөнү ырасталган (анын ичинде Р.у.И. 2000 сом, Ш.З.З. 1500 сом, С.У.М. 3000 сом, С.3.А. 3000 сом, Э.Б.А. 2000 сом).

Ошондой эле 24-январда Көк-Таш айылы аркылуу өткөн Баткен – Раззаков жолунда Т.А. жана Ю.Б. аттуу кызматкерлер пара алып жатканда колго түшүрүлгөн.

УКМКдан белгилешкендей, кармалган кызматкерлер 2023-жылдын февраль айында Баткенге ишке которулгандан бери чек арага жакын аймакта кызмат өтөгөндүктөн 70 миң сомдон айлык алып келишкен. Бирок алар мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоону туура баалай алган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>