Финансы министрлиги: 2023-жылы мугалимдердин айлыгы 180 пайызга көбөйдү

Финансы министрлиги: 2023-жылы мугалимдердин айлыгы 180 пайызга көбөйдү

2023-жылы билим берүү жана илим тармагында иштеген 169 миң 800 кызматкердин айлык акысы  180%га  чейин көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, социалдык чегерүүлөрдү кошкондо бюджеттен эмгек акыга 122,2 млрд сом бөлүнгөн. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 27 миллиард сомго көп.

Саламаттыкты сактоо тармагынын 85 миң  жумушчусунун маянасы 150 пайызга, маданият, маалымат жана спорт жаатында — 200 пайызга чейин,  социалдык коргоо жаатында — 200 пайызга, муниципалдык кызматта —  253 пайызга көбөйдү.

Финансы министрлигинин билдирүүсүндө,  өткөн жылы Баткенде иштеген укук коргоо органдарынын айлыгы 210 пайызга,  аскер кызматчылардын 240 пайызга өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, өткөн жылы бюджеттик уюмдарга караганда менчик тармакта иштегендердин айлыгы 1,5 эсеге көтөрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: айлык акы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>