Аскер бөлүктүн командири скутер уурдап, 165 миң сомго сатып салган деп кармалды

Аскер бөлүктүн командири скутер уурдап, 165 миң сомго сатып салган деп кармалды

Коргоо министрилигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде аскердик жана башка мүлктөрдү сакталышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

“Текшерүү учурунда баасы 165 миң сомду  түзгөн электр-скутер аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жана командири тарабынан уурдалып, андан ары сатылып, акчасы жеке муктаждыктарына иштетилгендиги аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары аскер бөлүктүн команири, гвардиянын подполковниги Т.М. кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары аныкталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>