Аймактарга каттаган айдоочулар 99 миң сом айыпка жыгылды

Аймактарга каттаган айдоочулар 99 миң сом айыпка жыгылды

Автобекеттеги коомдук транспорттор текшерилип, 99000 сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддин алкагында, алыскы аймактарга каттаган коомдук  транспорттордун техникалык абалын текшерүүгө алып,  бир жума ичинде 19 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен:

— 6 айдоочуга  коомдук транспорттун техникалык жактан оң абалда эместиги үчүн, 3300 сомго айып салышты;

— 6 айдоочуга  техникалык кароодон өтпөгөндүгү үчүн 18 000 сомго  айып салышты;

— 1 фирманын жетекчисине техникалык оң эмес авто унааны каттамга чыгаргандыгы үчүн, 28 000 сомго  айып салышты;

— 1 айдоочуга таптакыр айдоого укугу жол болуп туруп, унаа башкарып жүргөндүгү үчүн 15 000 сомго айып салышты;

— 5  айдоочуга туура эмес жерге токтогондугу үчүн, 5000  сомго  айып салышты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда “Коомдук транспорт” аттуу рейд өтүп жаткандыктан, жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалар текшерилээрин эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>