Бомба тууралуу жалган маалымат таратууга шектелип окуучу кармалды

Бомба тууралуу жалган маалымат таратууга шектелип окуучу кармалды

Быйыл 28-29-мартта Бишкектеги мектептердин бирине жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шектелип окуучу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 9-класстын А.А. аттуу окуучусу болуп саналат.

«Ал бейбаштык кылып Бишкек шааринын гимназия мектебинин электрондук дарегине abelozerov5151@inbox.ru фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн. А.А. окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видеооюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан аталган мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды. А.А. жашаган жеринде дароо ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

УКМК билдиргендей, окуучу бала ата-энесинин катышуусунда сурак берип, жардыруучу зат тууралуу эки жолу жалган билдирүү жөнөткөнүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөрүн айткан.

Учурда анын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо — бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазалана турганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>