Баткендин тургундары президенттен Орунбековду иштен алууну суранууда

Баткендин тургундары президенттен Орунбековду иштен алууну суранууда

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева «Фейсбуктагы» баракчасында билдирип, кайрылуунун текстин жарыялады.

Кайрылууда айтылгандай, Орунбеков 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыккан чырда Ак-Сай айылынын тургуну Жеңиш Дубанаевди күнөөлүү кылып көрсөтүп, мас абалында болгон деп жазган.

Алар билдиргендей, Орунбековдун «Фейсбуктагы» постунан кийин Тажикстандын «Телеграм» каналдары, соцтармактары ал билдирүүгө таянып, чырды кыргыз тарап баштаганын, аны президенттик администрациядагы адам ырастаганын жана кыргыз тарап чырды «дайыма биринчи баштайт» деп жазышууда.

Ага байланыштуу Ак-Сайдын тургундары президенттен Орунбековдун кечирим суроосун жана кызматтан алуусун суранууда.

«Сизден суранабыз, Дайырбек Орунбеков такталбаган, бир тараптуу маалыматты тарткандыгы үчүн кечирим сурасын, ал адам бул жумушту аркалаганы моралдык укугу жок, жумуштан кетсин.

Жеңиш Дубанаевдин жана анын жубайы Толгонайдын аброюн калыбына келтирүүгө жардам бериниз! Анткени Жеңиш Дубанаевдин бир тууган агасы Баткен согушунда кыргыз элин, жерин коргоймун деп курман болгон», — деп жазылган катта.

Эскерте кетсек, 24-июлда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Эртеси күнү, 25-июлда Чек ара кызматы чек арадагы абал туруктуу экенин билдирген.

Көп өтпөй Дайырбек Орунбеков чек арадагы эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чырды Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну баштаганын, ал мас абалында болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Андан кийин социалдык тармактын колдонуучулары Ак-Сай айылынын тургундары Дайырбек Орунбековдун жазгандарын төгүндөп жатканын, кыргыз жараны мас абалында болбогонун билдиргенин жаза баштаган. Арадан бир саат өтүп-өтпөй Орунбеков постун өчүргөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, 24-июлда болгон чырды Кыргызстандын жарандары баштаган эмес.

Орунбеков чек арадагы жарандардын чырын Ак-Сайдын тургуну баштаганын жазды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>