Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Аймактарга каттаган таксилер эми эки бекетке бөлүнөт
10.04.2023 | 23:54
Жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле “Батыш” автобекетинин жанындагы иретсиз токтотууларды жоюу максатында шаар аралык такси каттамдары эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Биринчи май муниципалдык администрациясынын демилгесин “Бишкек автобекет” мамлекеттик ишканасы жана Свердлов муниципалдык администрациясы колдоого алды.
Белгилей кетсек, буга чейин “Батыш” автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталган.
Бордюрлар орнотулууда, бошогон муниципалдык жер тилкеси көрктөндүрүлөт. Жакын арада унаа токтотуучу жайлардын эреже бузууларын каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом