Азия чемпионаты: Грек-рим командасы экинчи орунду ээледи

Азия чемпионаты: Грек-рим командасы экинчи орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында командалык эсеп боюнча экинчи орунду алды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бул мелдеште кыргызстандык балбандар 7 медаль – 3 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байге утуп, 166 упай топтогон. Муну менен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы командалык эсепте экинчи орунга татыган. Ал эми, биринчи орунду 196 упай менен Иран ээлеген. Үчүнчү орунду Казакстан алган (160 упай).

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги Астана шаарында өтүүдө. Ал 9-апрелде башталган, 14-апрелде жыйынтыкталат. Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар болуп өтүп, Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын байге, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш, ал эми Роман Ким (130 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль тагынды.

Бүгүн, 11-апрелде Азия биринчилигинин алкагында кыз-келиндер арасында мелдештер башталат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>