11-апрелге карата аба ырайы

11-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн +4… +9
күндүз +10… +15

Талас облусу
түнкүсүн +3… +8
күндүз +9… +14

Баткен облусу
түнкүсүн +7… +12
күндүз +16… +21

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7… +12
күндүз +16… +21

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -1… +4
күндүз +9… +14

Нарын облусу
түнкүсүн -2… +3
күндүз +9… +14.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 7…9, күндүзгү жогорку температурасы 11…13. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>