Билеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Видео: Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш байге алды
11.04.2023 | 20:44
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байге алды.
Ал бүгүн, 11-апрелде килем үстүнө чыгып, таймашты чейрек финалдан баштады. Биринчи кармашында ал индиялык, андан кийин жарым финалда япониялык балбанды утуп алды.
Ал эми, алтын үчүн беттеште ал казакстандык спортчу менен күрөштү. Беттештин экинчи бөлүгүндө атаандашы анын далысын жерге басып, таза жеңишке жетти.
Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги Астана шаарында өтүүдө. Ал 9-апрелде башталган, 14-апрелде жыйынтыкталат.
Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар болуп өттү. 11-апрелде кыз-келиндер арасында мелдеш башталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз