Азия чемпиондугу: Чемпиондор Бишкекке келишти

Азия чемпиондугу: Чемпиондор Бишкекке келишти

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, спортчуларды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Азия чемпионатныны алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 9-10-апрель күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 7 медаль (3 алтын, 1 күмүш 3 коло) утуп, Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи.

60 кг салмак категориясында Жоламан Шаршенбеков, 77 кг салмакта Акжол Махмудов, 82 кг салмакта Акылбек Талантбеков алтын медаль, ал эми 97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков күмүш медаль, 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев, 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков, 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль жеңди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>