Кыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалдыГүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалдыСоттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодо
Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи
28.04.2022 | 12:45
Кыргызстандык Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш федерациясынын (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи.
Жаңыланган рейтинг Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону аталды.
Турнирдеги жеңиш үчүн кыргызстандык 10 000 упай алып, айырмачылыкты жоюп, 2-орунду камсыздады.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт