Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо алды
19.09.2023 | 22:06
Балбан кыз Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, 2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Белгилей кетсек, Сербиядагы дүйнө биринчилиги лицензиялык болгондуктан, бул мелдеште 5 мыкты балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: 1, 2-орунду алгандар жана коло байгеге татыган 2 балбан жолдомо алат. Ошондой эле, коло үчүн таймашта утулган эки балбан бешинчи лицензия үчүн өзүнчө беттеш өткөрөт.
Айпери Медет кызы мелдештин финалына чыккандыктан автоматтык түрдө Олимпиадага лицензия алды.
Бул жолдомо Кыргызстан үчүн алгачкы лицензия болуп саналат.
Видео: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, көзүнө жаш алды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз