Бишкектин четинде ГЭС куруп жаткан компания 20 бакты кыйгандыгы үчүн 152 миң сом төлөдү

05.06.2026 | 15:30
вырубка деревьев

«Белен Групп» ЖАК курулуш компаниясы «Тёплые Ключи» санаторийинин аймагында 20 бакты мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн 152 208 сом төлөөгө милдеттендирилди. Аламүдүн кичи ГЭСинин курулушунда экологиялык ченемдерди бузуу фактысын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору аныкташкан.

Келтирилген зыяндын суммасы куруучу тарабынан толук көлөмдө жана өз ыктыяры менен мамлекеттик бюджетке төлөндү. Компенсация төлөөдөн тышкары, компания курулуш иштеринин жүрүшүндө курчап турган чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу үчүн калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Учурда кичи гидроэлектростанциянын курулушу мыйзамдуу негизде уланууда. Куруучу ыйгарым укуктуу органдардан уруксат берүүчү документтердин толук пакетин, анын ичинде шаар куруу корутундусун, тилкени пайдалануу келишимин, техникалык шарттарды жана объекттин мамлекеттик реестрге киргизилгендиги тууралуу ырастоону сунуштады.

Scroll to Top