Абактагы акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгатКызыл-Кыяда чет өлкөлүк жаран гашишин сатып жаткан жеринен кармалды — БМЖККККыргызстанда 2026-жылы 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү — аймактар боюнча маалыматБишкекте тез жардам унаасы менен Subaru кагылышты, жабыркаган адам барВьетнам Кыргызстанга жаңы элчисин дайындады«Манас» аэропортунда расмий такси кызматтары гана иштей алат
Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын жарым финалына чыкты
09.08.2024 | 17:00
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.
Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүүдө. Ал бүгүн, 9-августта килемге чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады.
Биринчи беттешинде ал нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсебинде утту.
Андан кийин чейрек финалда америкалык Кайла Миракл менен күч сынашты. Беттеш 6:6 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Тыныбековада болгондуктан, ал жеңишке жетти.
Эми ал жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен күрөшөт.
Беттештер саат 22:15те башталат.