Видео: Айсулуу Тыныбекова PWL-5 мелдешинде атаандашына жеңилди

Видео: Айсулуу Тыныбекова PWL-5 мелдешинде атаандашына жеңилди

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Poddubny Wrestling League-5 мелдешинде жеңилүү ызасын тартты.

Мелдеш 29-июлда Россиянын Владикавказ шаарында өттү. Аталган турнирде Тыныбекова Россиянын атынан чыгып жаткан спортчу Алина Касабиева менен күрөштү. Жыйынтыгында Касабиева 6:4 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилүү болгондой, аталган эки спортчу жакында эле Будапештте өткөн эл аралык рейтингдик мелдеште күрөшүп, Айсулуу Тыныбекова атаандашын жеңип алган. Ошондой эле, Тыныбекова рейтингдик мелдештин жеңүүчүсү болгон.

Эскерте кетсек, Poddubny Wrestling League мелдеши Россияда 2022-жылы түзүлгөн. Буга чейин аталган мелдеш 4 ирет, анын экөө Бишкек жана Алматыда өткөн. Бул мелдешке кыргызстандык спортчулардан Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>