Кыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырады
Айсулуу Тыныбекова таластык кичинекей спортчу менен жолугушту
27.10.2021 | 17:00
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова таластык кичинекей спортчу Жасмин Арзыбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Тыныбекова Reporter.kg’ге билдирди.
Бүгүн, 27-октябрда Таласта спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков жана башкалардын катышуусунда масштабдуу иш-чара өтүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Жасминдин өзү теңдүү эркек балдар менен күрөшкөн видеосу интернетте тарап, кийин аны менен Айсулуу Тыныбекова телефон аркылуу байланышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт