Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырды
Сот Равшан Жээнбековду камакта калтырды
27.10.2021 | 17:20
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы саясатчы Равшан Жээнбековду камакта калтырды.
Буга чейин анын жактоочусу Замир Жоошев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондугуна байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүүнү суранып, сотко кайрылган.
Жоошев белгилегендей, Жээнбеков өзүнүн конституциялык укуктарын толук пайдаланышы керек.
Судья кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып, анын баш коргоо чарасын 27-декабрга чейин узартты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат