Айсулуу Тыныбекова үч эмди төрөт үйдөн чыгарды

Айсулуу Тыныбекова үч эмди төрөт үйдөн чыгарды

«Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова үч эмди Бишкек шаарынын төрөт үйлөрдүн биринен чыгарып келди. Бул туурасында өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн болду, анткени төрөт үйүнө мен биринчи жолу барып, үч эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келген Бермет эже менен баарлашып өзгөчө сезимдерге чөмүлдүм. Айсулуу, Айпери, Аймээрим сиңдилерим дүйнөгө аттары чыккан, күчтүү, мээримдүү, бактылуу кыздардан болушсун! Наристелерге узун жана маңыздуу жашоону каалайм!”-деди Тыныбекова.

Ал эми Reporter.kg′ге спортчунун PR — менеджери Нурпери Садырбекова үч эмге эсте калаарлык белек-бечкектерди бергенин билдирди.

Бишкекте үч эм төрөлүп ата-энеси кыргыз спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазаровадай кыздардан болсун деген негизди “Айсулуу, Айпери, Аймээрим” деп койгон. Болгону Мээримди уйкаш болсун деп “Аймээрим” деп коюшкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>