Апта аягында аба ырайы кескин төмөндөйт

Апта аягында аба ырайы кескин төмөндөйт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 21-октябрында күндүз жана 22-23-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт.

22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

22-октябрдан 23-октябрга караган түнү кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

 22 -октябрдан баштап абанын температурасы түнкүсүн кескин төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3 градуска чейин суук, күндүз 6 градустан жогору болбошу күтүлөт.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6га чейин, күндүз +5.

Ош, Жалал -Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2, күндүз +9 жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6 градуска чейин суук, күндүз аба 6 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусунда түнкүсүн -9, күндүз +5 градус күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн -17, күндүз -9 градуска чейин төмөндөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>