Быйыл тармактык маркетингден 3 миңге жакын адам жабыркады

Быйыл тармактык маркетингден 3 миңге жакын адам жабыркады

Кыргызстанда 2021-жылы финансылык пирамидалардын саны көбөйдү. Учурда ички иштер органдары пирамидаларга байланыштуу эки миңден ашуун ишти иликтеп жатат, курмандыктардын саны 2 миң 947 адам. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Дүйшеналиев билдирди.

«Арыз менен кайрылгандардын көбү Бишкек, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Талас облустарынын тургундары. Азыр Ички иштер министрлиги бүткүл дүйнөдө иштеген «Антарес Трейд» инвестициялык компаниясынын ишин териштирип жатат. Андан Кыргызстанга келтирилген зыян 1 миллион доллардан ашты. Арыз менен 55 кыргызстандык кайрылды, дагы эле кайрылышууда, — деди тергөө кызматынын жетекчи орун басары.

Салыштыруу үчүн ал өткөн жылдын көрсөткүчтөрүн мисал келтирди. 2020-жылдын январынан октябрь айына чейин бул жаатта 52 миң 434 кылмыш катталса, быйыл, ошол эле мезгилде 66 миң 274 кылмыш катталган. Финансылык пирамидаларга байланыштуу кылмыштардын өсүшү 26,4%ды түздү. Адамдар барган сайын иштебей эле кандайдыр бир пайда алгысы келип инвестицияларды салып жатышат жана алданып калышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>