УКМК кызматкерине пара берүүгө шектүү кармалды (видео)

УКМК кызматкерине пара берүүгө шектүү кармалды (видео)

Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Предтеченка айыл аймагынын жетекчиси Б.С.О.нун жер бөлүштүрүү ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталды.

«Такталгандай, Б.С.О. жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон. Кийин жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, Б.С.О. мыйзамсыз аракеттеринин терс кесепеттеринен коркуп, жер комиссияларынын отурумдарынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштагандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, Б.С.О. комиссиянын айрым мүчөлөрүн документтерге эски мөөнөттөр менен кол коюуга көндүрүп, ошондой эле УКМК кызматкерлеринин камкордугуна жана колдоосуна ээ болуп жүргөн», — деп билдирет УКМК.

Жер бөлүштүрүү боюнча териштирүү жүргүзүү учурунда Б.С.О. маселени чечип берүү үчүн УКМКнын кызматкерине акча сунуштаган.

Белгилүү болгондой, 12-апрелде Б.С.О. УКМК кызматкерине 50 миң сом берип жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Чү Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>