Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Айыл чарба министри дыйкандарга шафран гүлүн өстүрүүнү сунуштады
31.10.2023 | 09:54
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйкандарга шафран гүлүн өстүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Аткаминер К.И. Скрябин атындагы Улуттук илимдер академиясынын коллекциялык питомнигиндеги өстүрүлүп жаткан гүл менен тааныштырды.
“Урматтуу фермерлер, шафран өстүрүү боюнча программанын долбоору даярдалып жатат. Бул өсүмдүккө көпчүлүк кызыктар болоруна ишенем. Бул кирешелүү тармак. Шафрандын пиязчаларын жана энелик формасын чогултуп сатышат экен. Аны сиздерге кийин эсептеп берем. Менин баамымда бул кулпунай, ферулла сыяктуу эле кирешелүү өсүмдүк”, – дейт министр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика