Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүү аракети: Төртүнчү шектүү кармалды (видео)

Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүү аракети: Төртүнчү шектүү кармалды (видео)

Жалал-Абаддын Сузак районунда кылмыш чөйрөсүнө аралашкан адамды өлтүрүүгө аракет кылган төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30да болгон. 29 жаштагы Н.С. аттуу жаран таксиде бара жатканда белгисиз адамдар Hyundai Getz унаасы менен келип, такси унаасын ок атуучу курал менен аткылап кетишкен.

Натыйжада Н.С. аттуу жаран октон жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Жабыркаган адам криминалдык чөйрөгө тиешеси бар адам болуп саналат.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуядан кийин кылмышка шектүү катары 3 адам кармалган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү дагы бир жаран — Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирген 29 жаштагы А.Д. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Ошондой эле ал кылмыштуу жолдон баш тарта турганын, Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийип жашай турганын билдирген.

Видео: Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүү аракети. Дагы эки шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>