Бишкекте кафени тоногон эки жигит кармалды — видео

Бишкекте кафени тоногон эки жигит кармалды — видео

Бишкектин Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

И.И. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Арызда ал каракчылар 4-мартка караган түнү Медеров көчөсүндөгү кафелердин бирине кирип, 123 300 сом акчасын жана «Редми» уюлдук телефонун уурдап кетишкендигин көрсөткөн.

Аталган фактыны Октябрь райондук соту «уурулук» беренеси менен каттаган.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Т.А., 1996-жылы туулган А.У. , кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилген. Кылмышка шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин Октябрь райондук соту шектүүлөргө карата СИЗО-1ге эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>