Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-135 жана 198-255-чакырымдарында кар көчкүсү күтүлөт.

«Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайындагы кар көчкүлөрүн БС-3 артиллериялык бригадасы менен түшүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Иш-чарага тиешелүү кызматтардын кызматкерлери тартылды», — деп жазат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы унаалардын кыймылы убактылуу токтотуларын эскертет. Кар көчкүнү түшүрүү 2022-жылдын 11-мартынан 17-мартына чейин өткөрүлөт.

Ошондой эле Жол-кайгуул кызматы айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>