Кыргызстандык жаштар Түркияда өтүүчү ТҮРКСОЙ жолугушуусуна чакырылат

Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) жана Кыргызстандын Маданият министрлиги жаштарды Түркиянын Трабзон шаарында өтө турган «Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын 3-жолугушуусуна» катышууга чакырат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 17–21-октябрь күндөрү өтөт.
Жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстандан маданият жана искусство тармагында ийгиликтерге жетишкен 8 жаш өкүл тандалып алынат. Катышуучулардын жатакана, тамак-аш жана шаар ичиндеги транспорттук чыгымдары уюштуруучулар тарабынан каржыланат. Ал эми Трабзон шаарына чейинки авиабилеттердин акысын катышуучулар өздөрү төлөйт.
Тандоого катышуу үчүн резюме (CV) жана маданият менен искусство тармагындагы иштерди чагылдырган маалыматты тапшыруу керек. Документтер 2026-жылдын 21-сентябры саат 18:00гө чейин jashtar.info@gmail.com электрондук дарегине кабыл алынат. Катышуучуларды тандап алуу алардын тажрыйбасынын жана кесиптик көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.