Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Айыл-чарба министрлигинин бөлүм башчысы кармалды
20.10.2021 | 15:09
Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы “Ж.Н.Н.” кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комититинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, айыл чарба өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктардын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур кылышкан.
УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат