«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулу. Министрлик Мадумаровдун демилгесине каршы

«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулу. Министрлик Мадумаровдун демилгесине каршы

Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун «айылдыктарга көмөк» деген аталышта жөлөкпулдун жаңы түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу министрлик «Акчабар» сайтына билдирген.

Белгилүү болгондой, буга чейин Адахан Мадумаров «айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун 30-майда коомдук талкууга чыгарган. Ага ылайык, 14 жашка чейинки балдары бар ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлѳргө) бай-кедей экенине карабай ай сайын «айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун берүү каралган. Анын өлчөмү өлкөдөгү жашоо минимумунан кем болбошу керек. Кыргызстанда жашоо минимумдун орточо ѳлчѳмү чоңдор үчүн 7 миң 501 сомду, ал эми балдар үчүн 6 миң 415 сомду түзөт.

Ошол эле учурда, аталган аймактарда жашап, башка жөлөкпул (мисалы, «үй-бүлөгө көмөк») алгандар эки жөлөкпулдун бирин тандап алууга укугу бар. Учурда Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү орточо 1,2 миң сомду түзөт.

Бирок Каржы министрлиги депутаттын демилгесин колдобойт. Министрликтен билдиришкендей, алар «бирөөнүн багуусунда болууну» (иждивенчество) көбөйткөн жана Кыргызстандын жарандарынын экономикалык активдүүлүгүн чектеген жаңы жөлөкпулдун киргизилишине каршы.

«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталды. Өзгөчөлүгү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>