«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталды. Өзгөчөлүгү

«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталды. Өзгөчөлүгү

Кыргызстанда «Айылдыктарга көмөк» деген аталышта жөлөкпулдун жаңы түрүн киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоору депутат Адахан Мадумаров тарабынан даярдалган. Ага ылайык, 14 жашка чейинки балдары бар ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ай сайын «айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун берүү сунушталууда. Анын өлчөмү өлкөдөгү жашоо минимумунан кем болбошу керек.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча,  Кыргызстанда жашоо минимумдун орточо ѳлчѳмү 7 миң 501 сомду, ал эми балдар үчүн 6 миң 415 сомду түзгөн.

Өкмөтүнүн 2007-жылдагы токтомуна ылайык, Кыргызстанда 451 айыл бийик тоолуу жана 497 айыл алыскы барууга кыйын конуштардын катарына кирген. Ошол эле мезгилде айрым айылдар эки категорияга тең кирип калган. Аны менен бирге, өлкөдө 89 айыл өзгөчө статусу бар чек ара аймак болуп саналат. Аталган аймактарда жашаган 14 жашка чейинки балдардын саны болжол менен 390 миңди түзөт.

Бул жөлөкпулдун башкаларынан айырмачылыгы аталган аймактарда жашаган, 14 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөгө) жөлөкпул экономикалык абалына, башкача айтканда колунда бар же жок экенине карабай берилет. Ошол эле учурда, аталган аймактарда жашап, башка жөлөкпул (мисалы, «үй-бүлөгө көмөк») алгандар эки жөлөкпулдун бирин тандап алууга укугу бар.

Жөлөкпул республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, ал 2024-жылдын  1-июнунан тартып күчүнѳ кирет.

Учурда Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү орточо 1,2 миң сомду түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>