Жалал-Абаддагы үч жигиттин сабалышы. Милицияга 5 адам жеткирилди

Жалал-Абаддагы үч жигиттин сабалышы. Милицияга 5 адам жеткирилди

Жалал-Абадда Спутник кичи районунда үч жигиттин топ балдар тарабынан сабалышына байланыштуу милицияга 5 жаран жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-август күнү болжол менен саат 22:55те милицияга Спутник кичи районундагы «Омас» дүкөнүнүн алдында 5 бала мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт милицияда каттоого алынып, окуя жерине ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери барып, кароо жүргүзүшкөн.

Алдын ала текшерүү учурунда, Базар-Коргон районунун 18 жаштагы Б.Р., А.К. уулу, 24 жаштагы Б.Р. аттуу тургундары сабалганы аныкталган. Алар Спутник кичи районундагы тергөө абагынын имаратында куруучу болуп иштеп жатышкан. 8-августта түнгө жакын «Омас» дүкөнүнө суусундук алууга барышкан учурда 18 жаштагы А.С., Н.А. аттуу балдар менен урушуп кеткен.

Натыйжада чырга башка топ балдар катышып, үч жигитти сабап салган.

Милицияга жеткирилгендердин үчөө жабыркагандар болсо, экөөсү аларды сабоого катышкан делген балдар. Учурда милиция тарабынан А.С. жана Н.А. аттуу балдардын шериктерин табуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Милициядан билдиришкендей, эки тарап бири-бирине арыз-дооматтары жок экендигин билдирип арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.

Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Жалал-Абаддын Спутник кичи районунда топ балдар эки жигитти сабап жатканы тартылган видео тараган. Окуянын видеосу жарыяланган BespredelKG телеграм каналында айтылгандай, урушту көргөн күбөлөр милицияны чакырган. Милиция кеч келип, кайра кетип калган. Жарандар милициянын чара көрбөгөнүнө нааразы экени айтылган.

Жалал-Абадда топ балдар эки жигитти сабап кетти. Окуянын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>