Россия Кыргызстанда 9 мектеп курат. Парламент долбоорду жактырды

Россия Кыргызстанда 9 мектеп курат. Парламент долбоорду жактырды

Бүгүн, 1-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Россия Федерациясы Кыргызстандын жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларына жалпы тогуз мектеп куруп берүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков белгилегендей, макулдашууга ылайык, Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында Кыргызстандын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Росссиянын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү ишин жүзѳгѳ ашыруу үчүн долбоордук кубаттуулугу 1224 чейин окуучу орунга ылайыкташтырылган 9 биргелешкен кыргыз-орус жалпы билим берүү уюмдарын этап-этабы менен куруу каралган.

Талкуу маалында депутаттар демилгени колдоп, келишим билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жана өлкөбүздүн маданий жана тилдик көп түрдүүлүгүн байытууда маанилүү кадам экенин белгилешти. Муну менен катар эл өкүлдөрү мектептердин курулушу Россия менен маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошоорун айтышты.

Мындан тышкары, депутаттар долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө кызыгышты. Министрдин орун басары 2023-жылы Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында бирден мектеп куруу пландалып жатканын айтты.

«Долбоорду ишке ашыруудагы мындан аркы аракеттер биргелешкен комиссия тарабынан аныкталат», — деп кошумчалады баяндамачы.

Алсак, депутат Мейкинбек Абдалиев белгилегендей, дүйнө өзгөргөн сайын жаңы баалуулуктарга жана шарттарга ылайык биздин борбордо жана ири шаарларда гана эмес, аймактарда да билим берүү системасы тынымсыз жакшыртылып, тиешелүү шарттар түзүлүш керек.

Ал эми депутат Миргүл Темирбаева орус тилинин расмий тил жана улуттар аралык баарлашуу тили катары ролун эске алуу менен билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө чакырды. «Бир нече тилди билүү заманбап дүйнөдө барган сайын баалуу жана керектүү көндүмгө айланып баратат”, — деди депутат.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>